Астанада БА өлкөлөрүнүн өзгөчө кырдаалдар мекемелеринин жетекчилери жолукту

Коом 7 август 2025 18:10
528751520_1159429936229731_802014450597547342_n.jpg
528044639_1159429352896456_5657888509681431693_n.jpg
528803953_1159429919563066_7771550734169776485_n.jpg
529237367_1159430386229686_2578175975022570523_n.jpg
529658453_1159430256229699_3448633669647664124_n.jpg
528094436_1159429382896453_7305914194770807464_n.jpg
Алдыга
Артка
528751520_1159429936229731_802014450597547342_n.jpg
528044639_1159429352896456_5657888509681431693_n.jpg
528803953_1159429919563066_7771550734169776485_n.jpg
529237367_1159430386229686_2578175975022570523_n.jpg
529658453_1159430256229699_3448633669647664124_n.jpg
528094436_1159429382896453_7305914194770807464_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 07.08.25. /Кабар/. Бүгүн Казакстандын Алматы шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн өзгөчө кырдаалдар мекемелеринин жетекчилеринин жумушчу кеңешмеси өттү.

Жолугушуу Кыргызстан менен Казакстандын демилгеси менен өтүп, Тажикстан жана Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу жана кырсыктардын тобокелдигин азайтуу борборун түзүү жөнүндө макулдашууга кошулуу мүмкүндүгүн, ошондой эле анын институттук потенциалын жогорулатуу маселелерин талкуулоого арналды.

Иш-чарага Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министри Чингис Аринов, Тажикстандын өкмөтүнө караштуу өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитетинин төрагасы Раджабали Рахмонали жана Өзбекстандын өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Санжар Зупаров катышты.

Бообек Ажикеев аймактык кызматташтыкты тереңдетүүнүн, Борбор Азия өлкөлөрү климаттын өзгөрүшүнө, трансчек аралык катаклизмдерге байланыштуу жалпы көйгөйлөргө туш болуп жаткандыгын жана өзгөчө кырдаалдарга биргелешип чара көрүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле 2013-жылы түзүлүп, 2016-жылы ишке кирген борбор өзүн аймактык өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу координациялоочу механизми жана платформасы катары көрсөтө алганы айтылды.

Тараптар мындан аркы кызматташуунун келечегин, анын ичинде Борбордун ишмердүүлүгүн институционалдык жактан бекемдөө, анын ыйгарым укуктарын кеңейтүү жана жаңы мамлекеттердин катышуусун талкуулашты. Ири масштабдуу кырсыктарга биргелешип жооп кайтаруу жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулуктун жана ыңгайлашуунун аймактык механизмдерин иштеп чыгуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар аймактык кызматташтыкты тереңдетүүгө жалпы кызыкчылыкты билдирип, Тажикстан менен Өзбекстандын борборго кошулуусу, ошондой эле жарандык коргонуу жана табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу жаатында биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу боюнча кеп-кеңештерди улантууга макулдашты.