Ысык-Көл, 05.09.26 /Кабар/. Ассоль Молдокматова VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн маалымат жыйынында кыргыз маданиятын колдоого жана аны дүйнөлүк аренада таанытууга багытталган бир катар демилгелерди билдирди.
Биринчи сунуш Голливуд режиссерлору жана эл аралык киноиндустриянын өкүлдөрү тарабынан айтылды. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы режиссеру, Кыргыз Республикасынын эл артисти Алтынбек Максүтовду Голливудда сыйлыкка көрсөтүүнү, ошондой эле аны дүйнөлүк киноиндустриядагы долбоорлордо кызматташууга жана иштөөгө чакырууну сунушташты.
Экинчи сунуш белгилүү советтик жана россиялык театр жана кино актрисасы Наталия Аринбасаровага байланыштуу болду. Молдокматова актрисаны Кыргызстандын жогорку мамлекеттик сыйлыгына көрсөтүүнү сунуштап, анын Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу кыргыз маданиятын жана улуу жазуучунун мурасын дүйнөгө таанытууга кошкон зор салымын белгиледи.
Үчүнчү сунуш — кыргызстандык жана чет өлкөлүк кинематографисттердин биргелешкен тасмасын тартуу. Мындай долбоор Кыргызстанды дүйнөлүк аренада таанытып, эл аралык кинофестивалдарга катышууга жана тасманы кеңири эл аралык прокатка чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.
Келечектеги тасманын негизги тартуу аянтчаларынын бири катары Кырчын этношаарчасын пайдалануу сунушталды. Кыргызстандын кайталангыс жаратылышы, улуттук колорити жана Кырчында түзүлгөн масштабдуу мейкиндик чоң кинематографиялык мүмкүнчүлүккө ээ. Кырчын маданий иш-чаралардын гана эмес, Кыргызстанды миллиондогон дүйнөлүк аудиторияга тааныта турган ири эл аралык кинодолбоорлордун да аянтчасына айлана алат.
Ассоль Молдокматова ошондой эле Кыргызстандын салттуу меймандостугун сактап, аны өлкөгө келген бардык чет элдик конокторго көрсөтүү өзгөчө маанилүү экенин белгиледи. Ал коомчулукта чоң резонанс жараткан Голливуд актрисасы Бай Линдин Кыргызстанга сапарына да өзүнчө токтолду. Молдокматованын айтымында, маалымат мейкиндигиндеги ар кандай талкууларга жана пикирлерге карабастан, Бай Лин Кыргызстанга өлкөнүн коногу катары келгенин эстен чыгарбоо зарыл.
“Бүгүнкү күндө актриса Кыргызстан тууралуу өзүнүн жаркын жана позитивдүү таасирлерин эл аралык аудиторияга айтып, өлкөбүздү дүйнөгө таанытууга салым кошууда”, - деди Молдокматова.
Ассоль Молдокматова Анвар Маметовдун салымын да өзгөчө белгиледи. Ал чет элдик жылдыздардын Кыргызстанга келишин уюштуруп, долбоорго олуттуу колдоо көрсөттү. Ошондой эле бүгүнкү күндө Анвар Маметов маданиятты өнүктүрүүгө, кайрымдуулукка жана коом үчүн маанилүү демилгелерди колдоого багытталган көптөгөн социалдык жана коомдук маанидеги долбоорлорду ишке ашырып, колдоп келе жатканы белгиленди.
Молдокматова дүйнөлүк кинонун белгилүү өкүлдөрүнүн Кыргызстанга келиши жөн гана жаркын маданий окуя болуп калбастан, конкреттүү эл аралык долбоорлорду ишке ашырууга, биргелешкен кино өндүрүшүн өнүктүрүүгө жана Кыргызстанды дүйнөлүк киноиндустрия үчүн келечектүү тартуу аянтчасы катары таанытууга негиз болушу керектигин баса белгиледи.
Белгилей кетсек, Ассоль Молдокматова — Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун вице-президенти жана көптөгөн эл аралык маданий долбоорлордун автору.