Асма жол толук бүткөндө "Ала-Арчанын" алыс аймактарына жол ачылат – президент

Президент 1162 18 Февраль 2026 15:45
WhatsApp Image 2026-02-18 at 15.42.10.jpeg
WhatsApp Image 2026-02-18 at 15.42.25.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-02-18 at 15.42.10.jpeg
WhatsApp Image 2026-02-18 at 15.42.25.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 18.02.26 /Кабар/. Асма жол толугу менен бүткөндө парктын жетүүгө кыйын болгон аймактарына барууга болот. Бул тууралуу “Ала-Арча” жаратылыш паркына жаңы салынган асма жолдун ачылышында өлкө башчысы Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, экинчи этап көзөмөл-өткөрмө пунктунан башталып, жалпы 12 чакырым аралыкты камтып, улуттук парктын эң кооз жана жетүүгө кыйын болгон аймактарына чейин барат.

“Асма жолду узартуунун экинчи этабы аркылуу “Ала-Арчаны” комплекстүү өнүктүрүүнү улантабыз. Бул долбоор ишке ашканда, жалпы элибиз да, чет өлкөлүк туристтер да кыргыз тоолорунун ажайып жаратылышын, кайталангыс кооздугун өз көзү менен көрүп, Кыргызстанды жаңы өңүттөн таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Албетте, бул аракеттер өлкөбүздүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат”-деди президент.