“Аска-Таш” комплексинде фонтандын чөйчөктөрү гранит менен капталууда

Коом Жүктөлүүдө... 07 Август 2026 09:25
WhatsApp Image 2026-08-07 at 06.04.09.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 07.08.26. /Кабар/. Фучик көчөсүндөгү “Аска-Таш” мемориалдык комплексинде фонтандарды оңдоо жана аймакты көрктөндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иштер Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына даярдык көрүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө.

Долбоор боюнча көрктөндүрүү иштери аткарылып, таман таш төшөө, автоматтык сугаруу системасынын түтүктөрүн орнотуу жана башка курулуш-монтаждоо иштери аткарылууда.

Учурда фонтандардын чөйчөктөрү толугу менен бетондолуп, гранит менен капталууда.