Асел Чынбаева "SOS – Балдар айылдары" эл аралык фондунун төрайымы менен жолукту

Министрлер кабинети Загрузка... 13 Июнь 2025 17:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 13.06.25. /Кабар/. Кыргызстандын Балдардын укуктары боюнча өкүлү Асел Чынбаева эл аралык Герман Гмайнер Фондунун "SOS – Балдар айылдары" башкармалыгынын төрайымы Ланна Идрис менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга колдоо көрсөтүү, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү маселелери талкууланды.

Тараптар мындан аркы кызматташуунун келечектүү багыттарына өзгөчө көңүл бурушту. Алсак, фостердик үй-бүлөлөр институтун өнүктүрүү, аярлуу кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү жана балдарды колдоо, коомчулуктун деңгээлинде профилактикалык иштерди жүргүзүү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстандагы социалдык коргоо тутумун чыңдоого жана балдардын абалын жакшыртууга багытталган конструктивдүү өнөктөштүктү улантууга умтулууларын ырасташты.