Арслан Койчиев Ысык-Көл эл аралык форумунун уюштуруучулук иштерине жооптуу

Кадрлар жана дайындоолор 7 октябрь 2025 11:55
Арслан Койчиев Ысык-Көл эл аралык форумунун уюштуруучулук иштерине жооптуу

Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. Президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев президенттин Ысык-Көл эл аралык форумун даярдоо жана өткөрүү боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Белгиленгендей, президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, 2026-жылдын июнунда Ысык-Көл эл аралык юбилейлик форумун уюштуруу жана өткөрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык президенттин кеңешчиси Койчиев Арслан Капайовичке президенттин Ысык-Көл эл аралык форумун даярдоо жана өткөрүү боюнча атайын өкүлүнүн статусу берилди.

Койчиев Арслан Капайовичке чет өлкөлүк өнөктөштөрдү, эл аралык уюмдарды, чет элдик маданияттын, искусствонун, илимдин кадыр-барктуу өкүлдөрүн, коомдук ишмерлерди, иштин башка чөйрөлөрүнүн көрүнүктүү өкүлдөрүн жогоруда аталган форумга чакыруу жана алардын катышуусу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча тиешелүү иш-чараларды координациялоого ыйгарым укук берилди.