Арсен Кыдыралиев Бишкекбашкыархитектуранын башчысынын орун басары болду — Кабар

Арсен Кыдыралиев Бишкекбашкыархитектуранын башчысынын орун басары болду

Кадрлар жана дайындоолор 9 октябрь 2025 11:55
whatsappimage20251009at1131341-64268e7495d128330.60510581.jpg
whatsappimage20251009at113133-6068e7495d125ce1.92434706.jpg
Алдыга
Артка
whatsappimage20251009at1131341-64268e7495d128330.60510581.jpg
whatsappimage20251009at113133-6068e7495d125ce1.92434706.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 09.10.25. /Кабар/. Арсен Кыдыралиев Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп дайындалды.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, Арсен Кыдыралиевди жамаатка министрдин орун басары Бактыяр Станбеков тааныштырды.

Белгиленгендей, Арсен Кыдыралиев санариптештирүү багытын, укуктук камсыздоо бөлүмүн, “Бирдиктүү терезе” жана башка бөлүмдөрдү жетектейт.

Буга чейин бул кызматты Назгүл Койбагарова ээлеген, ал өз каалоосу менен кызматтан бошотулду.