Араванда пекин капустасынын алгачкы түшүмү жыйналууда

Аймак Загрузка... 29 Март 2026 10:19
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 29.03.26. /Кабар/. Ош облусунун Араван районунда дыйкандар пекин капустасынын алгачкы түшүмүн жыйнап башташты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 30 гектар аянтка капустанын 4 түрү айдалган. Анын ичинен эң эрте бышкан түрү — пекин капустасынын "босай" сорту болуп саналат. Учурда дал ушул сорттун түшүмү жыйналууда.

Дыйкандардын пикиринде, жалпы түшүмдүн көлөмү жыл ичинде 450 тоннага чейин жетиши күтүлүүдө. Өндүрүлгөн продукциянын бир бөлүгү экспортко да чыгарылат.

"Бүгүнкү күнгө карата 45 тонна продукция Россияга экспортко жөнөтүлдү. Капустанын сапаты жогору болуп, ар бир башынын салмагы орточо 1 килограммдан 3 килограммга чейин жетет", - деп айтылат маалыматта.