Араван районунан Россияга 150 тонна капуста экспорттолду

Экономика 24 Апрель 2025 11:03
photo_5210696281498972449_y.jpg
photo_5210696281498972448_y.jpg
photo_5210696281498972447_y.jpg
49b3be61-fe72-43f1-9296-7ab4ec1114e6.jpeg
Алдыга
Артка
photo_5210696281498972449_y.jpg
photo_5210696281498972448_y.jpg
photo_5210696281498972447_y.jpg
49b3be61-fe72-43f1-9296-7ab4ec1114e6.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 24.04.25. /Кабар/. Ош облусунун Араван районунда күнөсканада өстүрүлгөн капусталар экспортко чыга баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматы боюнча Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн Уйгур-Абад айылында капустанын "басай" түрү ушул жылдын январь айында эгилген. Учурда анын биринчи түшүмү Россиянын Норвосибирск облусуна экспорттолуп жатат. Жалпы жыйналып, сатыкка кетип жаткан капустанын көлөмү 150 тоннаны түзөт. 

Белгилей кетсек, республика боюнча Араван районунда эң алгачкы жазгы-талаа иштери башталат. Аталган райондо эң биринчилерден болуп картошка да эгилип, жакын арада анын биринчи түшүмү алына баштайт.