Ар дайым өзүңө мүмкүнчүлүк бер: Амиртай Бексултанов Стэнфордго кантип өттү?

Маек Загрузка... 08 Апрель 2026 18:18
WhatsApp_Image_2026_P9ZhyGO.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014 (1).webp

Ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү болгону 2-3% эле, бирок ал дал ушул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоону чечти. Бишкектик студент Амиртай Бексултанов дүйнөдөгү эң мыкты университеттердин бирине жол идеалдуу шарттардан эмес, жөн гана аракет кылуу чечиминен башталарын далилдеди.

Эске салсак, күн мурун министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев АКШдагы Стэнфорд университетинин бакалавриат программасына грант утуп алган студент менен жолугушкан. Минкаб башчысы Амиртайды окууга өтүшү менен куттуктап, анын ийгилиги өсүп келе жаткан муун үчүн шыктандыруучу үлгү болорун белгилеген.

“Кабар” агенттигине берген маегинде Амиртай Бексултанов өзүнүн күмөн саноолору, аракеттери жана Стэнфордго өтүү кыялы эмне үчүн ойлогондон да жакын экенин айтып берди.

Амиртай, өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз. Канча жаштасыз, кандай үй-бүлөдөнсүз, кайсы мектепти аяктадыңыз жана кайсы тилдерде сүйлөйсүз?

Мен 2007-жылы чыгармачыл үй-бүлөдө төрөлгөм. Ата-энем улуттук колориттеги буюмдарды жасоо менен алектенишет. Алар ар дайым менин идеяларымды, чечимдеримди ишеним артуу менен колдоп келишет.

Мен №24 орто мектепти аяктадым, ага чейин 9 жыл №6 мектепте окугам, ал эми 10-классымда КОМТЕХНО колледжинде биринчи курстун студенти болдум.

Кыргыз, англис жана орус тилдеринде эркин сүйлөйм.

Стэнфорд университетин тандаганыңызга эмне себеп болду? Тандоо процесси кандай өттү?

“Rise for the World” программасынын жеңүүчүсү болуп, каржылык колдоо алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондон кийин, мен муну эң мыкты университеттерге тапшыруу үчүн колдонууну чечтим. Стэнфордду тандадым. Анын маданияты менен жайгашкан жери жагат. Аны Калифорниянын климаты, Кремний өрөөнү жана окуу жайдын аброю үчүн жактырдым.

Тандоо үчүн алган бааларыңды, коомдук иштерди, сыйлыктарды көрсөтүү, ошондой эле инсандык сапатыңды жана баалуулуктарыңды ачып берген көптөгөн эсселерди жазуу керек. Кээде маектешүүгө да чакырышат. Бирок, мен чакырылган жокмун.

Кайсы адистикти тандадыңыз жана эмне үчүн?

Мен инженердик мектептеги дизайн багытын тандадым, мурун бул багыт “продукт-дизайн” деп аталчу. Бул тармак менин тажрыйбама жана буга чейинки иштериме эң жакын болгону үчүн тандадым. Ошону менен бирге, Стэнфорддо факультетти экинчи курста тактап алууга уруксат берилет, ошондуктан мен башка багыттарды да байкап көрөйүн деп жатам.

— Окууга кирүүгө даярдык кандай өттү? Кайсы көндүмдөр чечүүчү ролду ойноду?

— Даярдык өз багытым боюнча ар кандай сабактан тышкаркы иштерден жана SAT деп аталган тестке даярдануудан турду. "Келечектеги лидерлер мектеби" долбоорунун директору Алтынбек Кулантаевич мага жеңилдик берип, колдоо көрсөттү. Ал жерден кызыкчылыктарыбыз төп келген көптөгөн досторду таптым, алар бул процессти жеңилдетип, кызыгын арттырып жатышты. Абдан таланттуу досторду жолуктурдум. Алардын жетишкендиктерин көрүп, менин деңгээлим Стэнфорд сыяктуу окуу жайга жетишсиздей сезилчү. Бирок буга карабастан жакындарым мага ишенди. Мен да күмөн саноолорума көңүл бурбай, даярдыгымды уланта бердим.

Менин оюмча, эң пайдалуу көндүмдөр адамдар менен тил табыша билүү, маалыматты өз алдынча издөө жана өз талантың тууралуу ачык билдире билүү болду.

— Дүйнөнүн булуң-бурчунан келген абитуриенттер менен атаандашуу канчалык кыйын болду?

— Чындыгында, ага дүйнө жүзүндөгү укмуштуудай окуучулар тапшырышат жана алардын фонунда эч кандай мүмкүнчүлүк жоктой сезилет. Мен кабыл алуу комиссиясынын мүчөсү болбогондуктан, иш жүзүндө бул канчалык кыйын экенин билбейм. Бирок чет элдик студенттер үчүн окууга өтүү мүмкүнчүлүгү болжол менен 2–3%ды гана түзөт.

— Сиздин оюңузча, кыргызстандык окуучуларга чет өлкөлүк алдыңкы жогорку окуу жайларына кирүү үчүн эмне керек?

— Менимче, биздин окуучулар мындай кадыр-барктуу окуу жайларды кол жеткис нерсе катары көрүүнү токтотушу керек. Жыл сайын алар биздикиндей эле жүздөгөн, миңдеген окуучуларды кабыл алышат. Мектебине же жашаган аймагына карабай, каалаган адам ал жакка өтө алат.

Бул дүкөнгө баруу сыяктуу эле реалдуу нерсе. Качан биз аң-сезимибиздеги бул чектөөлөрдөн арылганда, менимче, окуучуларыбыз алдына чоң максаттарды коюудан коркпой калышат жана сөзсүз түрдө чоң ийгиликтерге жетишишет.

— Окууну бүткөндөн кийин Кыргызстанга кайтып келүүнү пландап жатасызбы?

— Мен көйгөйлөрдү чечүүнү каалайм. Ал эми дүйнөдө көйгөй абдан көп, менин милдетим өз тажрыйбама жана билгендериме таянып, кайсы багытта иштөө керектигин аныктоо. Бул көйгөйлөр Кыргызстан үчүн да, бүткүл дүйнө үчүн да актуалдуу болушу мүмкүн. Ишмердүүлүгүмдү кайсы жерде улантарым ушул нерседен көз каранды болот.

— Чет өлкөгө окууга тапшыруудан корккондор үчүн кандай кеңеш бересиз?

— Сиз 98% утулууну жана 2% утуп алууну тандайсызбы же 100% утулуунубу? Албетте, биринчисин. Мүмкүнчүлүк канчалык аз болбосун, өзүңүзгө жеңиш үчүн мүмкүнчүлүк бериңиз. Акыр-аягы, сиз каалаган жерге өтөсүзбү же өтпөйсүзбү, жасаган эмгегиңиздин мааниси чоң болот.

Сиздин мээнетиңиз менен тажрыйбаңыз бул сиздин тартибиңизди жана жашоого болгон көз карашыңызды калыптандырат. Менимче, такыр аракет кылбай койгондон көрө, аракет кылып көрүп, ийгиликке жетпей калуу алда канча жакшы.