Бишкек, 24.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Токтогул районунун тургундары менен болгон жолугушууда мамлекет тарабынан жасалып жаткан ар бир иш жана эмгек түздөн-түз калктын кызыкчылыгына багытталганын баса белгиледи.
Жолугушууда жергиликтүү тургундардын бири Ширшовдун майнинг компаниясына бөлүнүп жаткан электр энергиясын калкка буруу боюнча суроо узаткан.
Президенттин айтымында, Ширшов 2005–2010-жылдары мурдагы бийлик өкүлдөрү менен өнөктөш болуп, энергетика тармагын башкарууда трансформаторлордун баасын негизсиз жогорулатуу аркылуу мамлекеттик каражатты кымырып келишкен.
Кийинчерээк Ширшов ортомчулар аркылуу кайрылып, Максим Бакиевдин көмүскө мүлктөрү боюнча маалымат берүүгө даяр экенин билдирген. Укуктук баа берүү максатында Мамлекет башчысы ошол кездеги башкы прокурор Курманкул Зулушевге анын ишмердүүлүгүн жана укуктук абалын текшерүүнү тапшырган. Жыйынтыгында бир иш боюнча тиешелүү айып пул төлөнгөнү, экинчисинин мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу токтотулганы жана ал учурда издөөдө эместиги аныкталгандан кийин кабыл алынган.
Президент Ширшов сунуштаган маалыматтардын негизинде мамлекетке кайтарылган активдерге токтолду:
- ”Аврора“ пансионатындагы мүлктөр: Божол менен 20 миллион долларлык мүлктөр мурдагы аткаминерлер тарабынан өз ара бөлүштүрүлүп, башка жактарга катталып кеткени аныкталып, мамлекеттин менчигине кайтарылды.
- ”Акнет” компаниясы: Баасы болжол менен 100 миллион долларга бааланган, Максим Бакиевге тиешелүү түзүмдөр башкарып келген ири компания 2025-жылы мамлекетке өткөрүлгөн.
- Ысык-Көлдөгү “Барс” эс алуу жайы: Камчы Көлбаевден конфискацияланган 6 миллиондук объектти Ширшов 12 миллион долларга сатып алган. Президент анын баштапкы баасы 6 миллион доллар болуп, мамлекетке эки эсе кымбат баада сатылганын, андан сырткары объектти өнүктүрүүгө 100 миллион доллар инвестиция салып, заманбап гольф аянтчасын жана фуникулёрлорду курганын белгиледи.
Ошондой эле, инвестор тарабынан социалдык багытта дагы бир катар иштер аткарылган:
- Каракол шаарына 100 миллион доллар көлөмүндө кайтарымсыз жардам берилип, ага жаңы коомдук транспорттор алынып, бала бакча, мектеп жана башка социалдык объектилер курулууда.
- Мамлекеттик ипотекалык компанияга 100 миллион доллар каражат 10 жылдык мөөнөткө пайызсыз карызга берилди.
Энергетика тармагындагы майнинг долбоору боюнча маалымат берип жатып, мамлекет башчысы ”Камбар-Ата-2“ ГЭСинин бир агрегатынын кубаттуулугу 120 мегаватты түзгөнү менен, эскирген кабелдер жана трансформаторлор аркылуу калкка 90 мегаватты гана жеткирүү мүмкүн болгонун айтты. Калган 30 мегаватт кубаттуулук жоголуп кетпеши үчүн аны майнинг багытына колдонуу чечими кабыл алынган.
Ширшовго ошол жерде өз каражатына 30 МВттык майнинг фермасын куруу тапшырылды. Бул курулушка 30-35 миллион доллар сарпталган. Шарт боюнча ал өз чыгымын 4-5 жылда актагандан кийин аталган ферма мамлекетке толугу менен бекер өткөрүп берилет. Учурда белгиленген мөөнөттүн эки жылы өттү, дагы 2-3 жылдан кийин объект толугу менен мамлекеттин балансына өтүп, түшкөн киреше мамлекеттин казынасына түшө баштайт”, — деди Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысы жасалып жаткан кадамдардын баары элдин бакубат жашоосуна жана өлкөнүн өнүгүүсүнө кызмат кыларын кошумчалады.