Ар бир чечимдин артында адамдын тагдыры турат. Министр ИИМ кызматкерлерине катуу эскертүү берди

Коом 770 13 Февраль 2025 11:55
479524509_938554008407019_7096571946613710126_n.jpg
476440794_938554061740347_5077370681161731214_n.jpg
476798491_938554038407016_8537129909466735750_n.jpg
476439922_938554081740345_3816414706960332636_n.jpg
476431115_938554141740339_5459494448940243215_n.jpg
475763976_938554121740341_3886236442511863523_n.jpg
Алдыга
Артка
479524509_938554008407019_7096571946613710126_n.jpg
476440794_938554061740347_5077370681161731214_n.jpg
476798491_938554038407016_8537129909466735750_n.jpg
476439922_938554081740345_3816414706960332636_n.jpg
476431115_938554141740339_5459494448940243215_n.jpg
475763976_938554121740341_3886236442511863523_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ИИМдин басма сөз кызматы

Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. Ар бир чечимдин артында адамдын тагдыры турат. Жеке кызыкчылыгыңарга эмес, мыйзамга кызмат кылыңыздар. Мындай билдирүүсүн ИИМ министри Улан Ниязбеков бүгүн, 13-февралда ИИМдин борбордук аппаратында өткөн онлайн-кеңешмеде билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, кеңешмеге ички иштер министри баш болгон жетекчилер, орун басарлар, Ички аскерлердин кол башчысы, Атайын багыттагы полкунун командири, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын жетекчилери жана райондук-шаардык бөлүмдөрдүн башчылары катышты.

Анда ишмердикти жакшыртуу багытында тиешелүү шарттарды түзүү жана кызматтык тартипти чыңдоо маселелери каралды.

Улан Ниязбеков ыкчам-кызматтык ишмердиктеги кемчиликтерди, коомчулуктун тынчын алган көрүнүштөрдү жана келечекке чоң коркунуч жараткан факторлорду күнүгө аныктап, аларды жөнгө салуунун зарылдыгын белгиледи. Мындан тышкары, терс көрүнүштөрдү болтурбоо боюнча өздүк курамдын аткарып жаткан ишмердигин катуу көзөмөлгө алып, элге сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүп, ыкчам-кызматтык иш-чараларды күчөтүүнү талап кылды.

“Жабыр тарткан адамдардын укуктарын коргоп, арыз-даттанууларын терең иликтеп, туура чечимдерди кабыл алуу процессин бекем сактаңыздар. Ар бир чечимдин аркасында- адамдын тагдыры турат. Чечим кабыл алып жатканда, мыйзам чегинен чыкпай, ыйгарым укуктарды аша чаппай, жеке кызыкчылыкка азгырылбай, пара албай, таза жана калыс болуңуздар.

Себеби, туура эмес кабыл алынган чечимдер, бир күнү болбосо, бир күнү ачыкталып, эл алдында эле эмес, жеке абийириңердин алдында уят болуп калбаңыздар. Андыктан, ар бир жетекчи айтылган эскертүүдөн жыйынтык чыгарып, өздүк курамдын мыйзам чегинде иштөөсүн камсыздап, жетекчи деген макамды туура сактаңыздар”, -деди министр.

Кеңешменин жүрүшүндө, ар бир жетекчи өз ишмердигинде мыйзам чегинде иш алып барып, кызматка жоопкерчилик менен карап, тартипти чыңдоодо өзүнүн салымын кошуу керектиги белгиленди.