Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы айылдардын ички жолдорун да асфальттоо максаты коюлганын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчысы бүгүн, 23-октябрда Ноокен районунун жана Майлуу-Суу шаарынын эли менен жолугушууда айтты.

Президент Европанын, анын ичинде Германиянын айылдарындагы жолдордун абалына токтолуп, Кыргызстанда да ушундай шарт түзүү максаты бар экенин белгиледи.
"Мен Европада төрт жыл жашап, көп жерлерин кыдырып көргөм. Германияда айылдардын, токойлордун ичиндеги жолдорго чейин асфальт төшөлгөн, көчөлөрү таптаза. Ошондуктан менин алдыга койгон максатым, планым — ар бир айылдын ичине чейин асфальт төшөөгө жетишүү. Сиздин айылга да кезек келет", — деди Садыр Жапаров.