Антонина Шевченко UFCден кетти

Спорт 1784 27 Март 2025 17:22
WhatsApp Image 2025-03-27 at 14.09.01.jpeg
WhatsApp Image 2025-03-27 at 14.09.00.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-03-27 at 14.09.01.jpeg
WhatsApp Image 2025-03-27 at 14.09.00.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon www

Бишкек 27.03.25 /Кабар/. Кыргызстандын аты менен чыгып жүргөн спортчу Антонина Шевченко UFC менен келишимин токтотконун билдирди. Бул тууралуу ал инстаграмм баракчасына жазды.

Ал ”2022-жылдагы UFCдеги күрөш мен үчүн акыркы күрөш болуп каларын эч ойлогон эмесмин. Спорттогу 30 жыл, таэквандо боюнча үчүнчү дандагы кара кур, муай-тай, кикбоксинг жана ММА менен дүйнө чемпионатынан 11 титул. Күйөрмандык жана профессионалдык 400дөн ашуун күрөш, Азия жана ТАР (ЮАР) чемпиону, UFCнин мушкери. Мына ошентип мен спорттогу карьерамды жыйынтыктап жатам”, – деген билдирүү калтырган.

Ошондой эле ал аны 30 жыл колдогон машыктыруучусу Павел Федотовго, апасына, мушкер эжеси Валентина Шевченкого жана күйөрмандарына терең ыраазычылык билдирген.

Спортчу мындан ары пилот катары карьерасын улантат.

Ал ММА күрөшүнө 14 жолу катышып, 11 жолу жеңишке жеткен.