Амбициялуу максаттарды ишке ашыруу үчүн эл өкүлдөрү менен биргеликте иш алып барууга даярбыз – Касымалиев

Министрлер кабинети Загрузка... 01 Декабрь 2025 16:01
692c72f720f36.jpeg
copyright icon Министрлер кабинети

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.12.25. /Кабар/. Жогорку Кеңешке жаңы шайланып келген депутаттар менен 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасында коюлган амбициялуу чоң максаттарыбызды ишке ашыруу үчүн биргеликте иш алып барууга даярбыз. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Улуттук каналдын түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, негизгиси 2030-жылга чейин ички дүң продукцияны кеминде 30 млрд долларга жеткирүү, жан башына ИДПны 4,5 миң долларга көтөрүү, жумушсуздукту жоюу жана эл аралык деңгээлдеги кандайдыр бир критерийлерди жогорку деңгээлге көтөрүү боюнча амбициялуу максаттар коюлган.

“Биз Жогорку Кеңештин депутаттары менен дайыма иштешкенге даярбыз. 2030-жылга чейин Кыргызстандын экономикалык өнүгүү багыттарын аныктап алдык. Ошону ишке ашыруу иш-чаралар планын Жогорку Кеңештин жаңы келген депутаттары менен биргеликте карап, иш алып барууга даярбыз.
Андан сырткары, жыл сайын декабрга чейин өкмөттүн негизги финансылык документи бюджет маселелери каралат. Жаңы парламент менен кийинки жылдын бюджетин, бюджеттеги өзгөрүүлөрдү, былтыркы жылдын отчетун, анда башка керектүү мыйзам долбоорлорун чогуу караганга даярбыз”,- деди Касымалиев.

Ошондой эле минкаб төрагасы Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген депутаттары менен ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча мыйзамдарды кабыл алуу багытында иштешүүгө даяр экенин кошумчалады.

“Экономикалык багыттагы мыйзам долбоорлорун карап чыгып, биздин ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү боюнча мыйзамдарды кабыл алышыбыз керек. Эң негизги максат — өлкө жарандарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу. Биз ошого жетишибиз керек. Бул парламенттин алдындагы эң жоопкерчиликтүү багыт орто жана чакан ишкерликти колдоо жана өнүктүрүү. Бул багытта көп маселелерди Жогорку Кеңеш менен чогуу карап, керектүү мыйзамдарды кабыл алуу менен алдыга жылышыбыз керек”, - дейт ал.

Мындан сырткары, төрага өз сөзүндө эл өкүлдөрүн шайлоо толук автоматташтырылган системада жогорку деңгээлде өткөнүн баса белгиледи.