Амангелдиев: Салык кызматын реорганизациялоо анын натыйжалуулугун жогорулатат

Министрлер кабинети 22 Июль 2025 14:35
687f3369c4ee0 (1).jpg
687f3369f3eaa.jpg
687f336a01e2e.jpg
687f3369c5048.jpg
Алдыга
Артка
687f3369c4ee0 (1).jpg
687f3369f3eaa.jpg
687f336a01e2e.jpg
687f3369c5048.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 22.07.25 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Мамлекеттик салык кызматынын жамаатына ведомствонун төрагасы Алмамбет Шыкмаматовду тааныштырды.

Бул дайындоо президент Садыр Жапаровдун Салык кызматын Финансы министрлигинин түзүмүнөн чыгарып, министрлер кабинетинин курамына өз алдынча мамлекеттик орган катары киргизүү жөнүндөгү жарлыгынан кийин болду. 

Жетекчини тааныштырып жатып, Данияр Амангелдиев реорганизациялоо чечими бюрократиялык жол-жоболорду оптималдаштыруу жана салык органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынганын белгиледи.

Ал эми азыр кызматка алкоголдук продукциянын, ошондой эле баалуу металлдардын жана зергердик буюмдардын жүгүртүлүшүн өнүктүрүү жана контролдоо боюнча функциялар жүктөлөрүн кошумчалап, бул чечимдердин натыйжалары жана алардын натыйжалуулугу жакынкы аралыкта байкалат деген ишенимин билдирди. 

Өз кезегинде Алмамбет Шыкмаматов көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, коюлган максаттарга жетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганына ишендирди.