Амангелдиев Нобель сыйлыгынын лауреаты менен жолукту

Министрлер кабинети 16 октябрь 2026 17:35
6ad1ff4ac0c6c-thumb.jpeg
6ad1ff4c8dab6-thumb.jpeg
6ad1ff4d06643-thumb.jpeg
6ad1ff4dcaa5d-thumb.jpeg
6ad1ff4f5e980-thumb.jpeg
6ad1ff4fa308b-thumb.jpeg
6ad1ff5d4754e-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
6ad1ff4ac0c6c-thumb.jpeg
6ad1ff4c8dab6-thumb.jpeg
6ad1ff4d06643-thumb.jpeg
6ad1ff4dcaa5d-thumb.jpeg
6ad1ff4f5e980-thumb.jpeg
6ad1ff4fa308b-thumb.jpeg
6ad1ff5d4754e-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев физика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты, Сингапур улуттук университетинин профессору Константин Новоселов жетектеген делегация менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар илим жана технология тармагындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде энергетика, өнөр жай, курулуш жана айыл чарба тармактарында алдыңкы иштеп чыгууларды жана технологияларды колдонуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле жасалма интеллектти өнүктүрүү, маалымат борборлорун түзүү, жаңы материалдарды жана сырьену кайра иштетүү технологияларын колдонуу маселелери каралды.

Данияр Амангелдиев кыргыз тараптын Сингапур улуттук университети менен кызматташууга, атап айтканда, тажрыйба алмашууга, илимий иштеп чыгууларды ишке ашырууга жана адистерди даярдоого кызыкдар экенин белгиледи. 

Константин Новоселов өз кезегинде Кыргызстан менен кызматташуу үчүн кызыктуу болушу мүмкүн болгон изилдөө жана иштеп чыгуу багыттарын белгиледи. Тактап айтканда, ал курулушта графенди колдонуу, өнөр жайда жаңы материалдарды пайдалануу жана жасалма интеллект технологияларын өнүктүрүү маселелери болду.

Ошондой эле илимий кадрларды даярдоо маселеси да каралды. Константин Новоселов кыргызстандык студенттердин Кытай жана Сингапурдагы жогорку окуу жайларында билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып, Кыргызстандын илимий коомчулугу менен кызматташууга, анын ичинде биргелешкен изилдөө долбоорлорун ишке ашырууга жана кыргызстандык окумуштуулардын чет өлкөлүк лабораториялардагы иштерге катышуусуна көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, тажрыйба алмашуу жана технологияларды өткөрүп берүү максатында Кыргыз Республикасынан өнөктөштөрдү табууга кызыгуу билдирилди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Данияр Амангелдиев кыргыз тараптын мындан ары кызматташууга кызыкдар экенин дагы бир жолу ырастап, биргелешкен иштин мүмкүн болгон багыттарын аныктоо үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарды жана илимий чөйрөнү тартуу менен сунушталган демилгелерди талкуулоону улантууну сунуштады.