Аманбек Дүйшенов Соода-өнөр жай палатасынын Малайзиядагы өкүлү болду — Кабар

Аманбек Дүйшенов Соода-өнөр жай палатасынын Малайзиядагы өкүлү болду

Кадрлар жана дайындоолор 5 ноябрь 2025 15:50
576505475_1239448861534803_360909796881668180_n.jpg
574561366_1239448864868136_6122275026742178048_n.jpg
Алдыга
Артка
576505475_1239448861534803_360909796881668180_n.jpg
574561366_1239448864868136_6122275026742178048_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 05.11.25. /Кабар/. Аманбек Дүйшенов Соода-өнөр жай палатасынын Малайзиядагы өкүлү болуп дайындалды.

Палатадан билдиришкендей, сертификатты палатанын президенти Темир Сариев тапшырды.

Аманбек Дүйшенов Малайзиянын Эл аралык ислам университетин ислам банк иши жана каржы адистиги боюнча, ал эми Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтун каржы жана кредит адистиги боюнча аяктаган.

Ал Абу-Даби, Россия жана Индияда мунай жана газ тармагындагы долбоорлордо иштеген, экологиялык коопсуздук, логистика, процесстерди санариптештирүү жана келишимдерди башкарууга басым жасаган. Ошондой эле Аманбек Дүйшенов ЮНИСЕФтин колдоосу менен Кыргызстанга телемедицинаны киргизүү боюнча долбоорду жетектеген.

Аманбек Дүйшеновдун дайындалышы Кыргызстан менен Малайзиянын бизнес коомчулугунун ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, инвестицияларды тартууга, экспортту колдоого жана эл аралык рыноктордо кыргызстандык ишкерлердин кызыкчылыктарын алга жылдырууга багытталган.