Аляскада күчү 6,5 баллдык жер титирөө катталды

Дүйнө 18 сентябрь 2026 15:10
Аляскада күчү 6,5 баллдык жер титирөө катталды
copyright icon www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 18.09.26 /Кабар/. Аляскада күчү 6,3 баллдык жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу Никольски калктуу конушунан 167 чакырым батышта жайгашкан. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, жер титирөө бейшемби күнү Гринвич убактысы боюнча саат 14:19да катталган. Бул тууралуу АКШнын Геологиялык кызматы (USGS) маалымдаган.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөнүн очогу 52,81 градус түндүк кеңдикте жана 171,34 градус батыш узундукта жайгашкан.

Жер титирөөнүн очогу 83 чакырым тереңдикте болгон.