Көчмөндөр оюндарында байыркы “Алтай шатра” оюну тааныштырылды

Көчмөндөр оюндары-2026 5 сентябрь 2026 17:50
Көчмөндөр оюндарында байыркы “Алтай шатра” оюну тааныштырылды

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 05.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Россиянын Алтай Республикасынан келген өкүлдөр байыркы улуттук “Алтай шатра” оюнун тааныштырып, катышуучуларга мастер-класс өткөрүштү.

Оюндун машыктыруучусу Владимир Садоевдин айтымында, алар Көчмөндөр оюндары башталгандан бери оюнду ар кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрүнө тааныштырып, мастер-класстарды өткөрүп келишет.

“Биз улуттук оюнубуз — “Алтай шатраны” көрсөтүп жатабыз. Бул биздин байыркы оюндарыбыздын бири. Анын тарыхы байыркы доорлорго барып такалат. Бүгүн анын презентациясын өткөрдүк. Көчмөндөр оюндары башталгандан бери мастер-класстарды уюштуруп келебиз. Көптөгөн өлкөлөрдүн өкүлдөрү биздин оюнга кызыгып жатышат.

Оюнду кийинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында расмий түрдө таанытып, оюндардын программасына киргизүүгө үмүттөнүп жатабыз”, — деди В.Садоев.

Ал Кыргызстанга биринчи жолу келгенин айтып, өлкөнүн жаратылышы өзүнүн туулган жери Алтайга окшош экенин белгиледи.

“Кыргызстанда биринчи жолу болуп жатам. Бул жер абдан кооз экен. Биздин тоолуу Алтайга окшоштурдум. Ал жакта да ушундай тоолор, кооз жаратылыш бар.

Балыкчы, Каракол жана Чүй өрөөнү мага Алтайды эске салды. Балким, булардын баары биздин Алтай менен кандайдыр бир байланышта болсо керек деп ойлойм”, — деди ал.