Алмаз Касымалиев УТРКнын директорунун орун басары болду

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 09 Декабрь 2025 18:00
01KC1FR3YB5H5YE3J292TPFP55.jpg
copyright icon УТРК

Бишкек, 09.12.25. /Кабар/. Алмаз Касымалиев УТРКнын башкы директорунун маалымат боюнча орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу УТРКнын сайтында маалымдалат.

Тиешелүү буйрукка УТРКнын башкы директору Улан Сатиев кол койгон.

Өмүр баяны:

Касымалиев Алмазбек Талипович 1981-жылы 30-апрелде Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Чолпон айылында туулган. Билими жогорку.           

Иш тажрыйбасы:
2002-жылы УТРКнын «Кыргызстан» чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмесинин кабарчысы болуп иштеп баштаган. 

Кийинки жылдары:

  • УТРКнын  таңкы көрсөтүүлөрүнүн «Кутман таң» студиясынын башкы редактору;
  • «Ала-Тоо» маалымат-аналитикалык борборунун кабарчылар бөлүмүнүн башчысы;
  • УТРК “Ала-Тоо” маалымат программалар дирекциясынын директору;
  • КТРК “Ала-Тоо”  маалымат программалар дирекциясынын  директорунун орун басары;
  • КТРК “Маалымат” бирикмесинин шеф-редактору;
  • КТРК Көркөм кеңешинин төрагасы кызматтарын аркалаган;
  • 2022-жылдын ноябрынан тарта КР Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын “Улуттук биринчи каналынын” продюсери болуп иштеп келген.

Сыйлыктары:
1. “КТРК отличниги” төш белгиси  2011-жыл;
2. “КР Маданиятынын мыкты кызматкери” төш белгиси 2013-жыл;
3. Кыргыз Республикасынын “Ардак грамотасы” 2015-жыл;
4. КР Өкмөтүнүн “Ардак грамотасы” 2018-жыл;
5. КР “Маданиятына эмгек сиңирген ишмер” 2022-жыл.

Үй бүлөлүү, үч уулдун атасы.