Алматыда аэропорт кызматкерин барымтага алган киши кармалды

Борбор Азия Загрузка... 07 Март 2025 16:40
copyright icon WWW

Бишкек, 07.03.25. /Кабар/. Алматыда аэропорт кызматкерин барымтага алган киши кармалды. Бул тууралуу Tengrinews кабарлады.

Маалыматка караганда, бүгүн Алматы шаарындагы аэропорттун ички каттамдардын терминалында авиациялык коопсуздук кызматынын кызматкерлери эркек кишиге документин көрсөтүүнү суранышкан. Документин көрсөтпөстөн ал аэропорттун инспекторун чачтан кармап, бычак менен коркуткан.

Көп өтпөй анын колунан бычакты жүргүнчүлөрдүн бири алганга жетишкен. Андан соң аны полиция кармаган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.

ТАСС билдиргендей, Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев окуя боюнча кабардар болгондон кийин, кылмышкерди кармоого көмөктөшкөн жаранды мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүүнү тапшырган.