Алмасбек Абытов Жогорку Кеңештин аппаратын жетектейт

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 23 Февраль 2026 10:05
641385064_1229219166057970_1634561529687874509_n.jpg
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 23.02.26. /Кабар/. Алмасбек Абытов Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Тиешелүү тескемеге төрага Марлен Маматалиев кол койду.

Белгилей кетсек, буга чейин Алмасбек Абытов президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалап келген.