Алимент өндүрүү жана балдардын укуктарын коргоо маселеси талкууланды

Коом Загрузка... 14 Февраль 2026 09:50
WhatsApp Image 2026-02-14 at 09.48.34.jpeg

Бишкек, 14.02.26. /Кабар/. Бишкекте “Алимент өндүрүүнүн көйгөйлөрү жана аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жолдору” аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, Сот аткаруучулар кызматы жана БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы тарабынан уюштурулган талкууга мамлекеттик органдар, сот жана укук коргоо түзүмдөрү, жарандык коом, адвокаттар, муфтияттын өкүлдөрү, ошондой эле аткаруу өндүрүштөрүнүн доогер жана карызкорлору катышты. Анда аларга алимент өндүрүүдө жаралган көйгөйлөрдү тереңирээк түшүнүүгө мүмкүндүк берилди.

Иш-чарада башкы прокурордун орун басары сот актыларынын аткарылышын камсыздоо жана балдардын укуктарын коргоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштердин маанилүүлүгүн белгиледи.

Онлайн форматта коңшу мамлекеттердин жеке сот аткаруучулары да байланышка чыгып, өз ара тажрыйба алмашуу жана алимент өндүрүү боюнча эл аралык практиканы талкуулашты.

Ошондой эле алимент боюнча карыздардын келип чыгуу себептери, сот чечимдерин аткаруудагы кыйынчылыктар, карызкорлордун алимент төлөөдөн баш тартуу жана кирешесин жашыруу учурлары каралды.

Тегерек столдо мыйзамдарды өркүндөтүү жана сот аткаруусунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган бардык сунуштар Сот аткаруучулар кызматынын мындан аркы ишинде эске алынары айтылды.