Илхам Алиев: Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун мындан ары да колдоого даярбыз

Министрлер кабинети Загрузка... 08 Декабрь 2025 10:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 08.12.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевди Бакуда Азербайжандын президенти Илхам Алиев кабыл алды.

Жолугушуу Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынынын алкагында өттү.

Бакыт Төрөбаев президент Садыр Жапаровдун саламын жеткирип, ал акыркы жылдары эки тараптуу мамилелерди сапаттык жактан жаңы, стратегиялык деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берген жогорку деңгээлдеги ишенимдүү диалогдун өзгөчө ролун белгиледи.

Өз кезегинде Илхам Алиев президент Садыр Жапаровго жылуу саламын жеткирүүнү суранып, кыргыз-азербайжан мамилелеринин динамикалуу өнүгүп жаткандыгына жогору баа берип, эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн ар тараптуу бекемдөөгө өзгөчө маани берээрин белгиледи.

Азербайжандын башчысы Бакуда өтө турган Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын күн тартиби тыгыз кызматташуунун жана практикалык кызматташууну тереңдетүүгө болгон өз ара умтулуунун ачык далили экенин белгиледи. 

Азербайжандын Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушууларынын форматына катышуусунун маанилүүлүгү белгиленди. Кыргыз тарап бул Борбор Азия менен Түштүк Кавказдын аймактарынын өз ара байланышын чыңдоого, туруктуу транспорт коридорлорун өнүктүрүүгө, экономикалык жана гуманитардык байланыштарды тереңдетүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Жолугушууда инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Алгачкы долбоорлорун каржылай баштаган Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун иши талкууланды. Президент Илхам Алиев азербайжан тараптын Кыргызстанда фонддун каражаттары менен ишке ашырылып жаткан келечектүү долбоорлорду мындан ары да колдоого даяр экенин билдирди. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар энергетика, транспорт жана логистика, өз ара инвестиция, билим берүү, гуманитардык алмашуу жана айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүнүн келечегин талкуулашты.