Alibaba эң кубаттуу жасалма интеллект моделин тааныштырды

Дүйнө Жүктөлүүдө... 04 Август 2026 11:25
WhatsApp Image 2026-08-04 at 08.57.04.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 04.08.26 /Кабар/. Кытайдын Alibaba компаниясы жаңы муундагы Qwen3.8-Max аттуу жасалма интеллект моделин сунуштады. Бул азыркыга чейин чыгарылгандардын арасынан эң кубаттуу модель болуп саналарын Казинформ кабарлайт.

Жаңы модель программалоо, логикалык ой жүгүртүү жана татаал тапшырмаларды узак убакыт бою өз алдынча аткаруу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Ал 2,4 триллион параметрден турат жана бир эле учурда 1 миллион токенге чейинки маалымат менен иштей алат.

Иштеп чыгуучулардын айтымында, сыноо учурунда Qwen3.8-Max өз алдынча интеллектуалдык агент түзүү тапшырмасын аткарып, анын негизинде Loop Engineering аттуу жаңы система иштелип чыккан. Андан соң модель код жазып, аны текшерип жана жакшыртуу аркылуу ачык булактуу долбоорду түзгөн. Долбоор GitHub платформасына жайгаштырылган.

Көз карандысыз Arena платформасынын маалыматына ылайык, Qwen сериясындагы моделдер дүйнөдөгү эң өндүрүмдүү жасалма интеллект системаларынын катарына кирет.

Кытайда жасалма интеллект технологияларын өнүктүрүү уланууда. Буга чейин Moonshot AI стартапы 2,8 триллион параметрден турган Kimi K3 моделин тааныштырып, аны дүйнөдөгү эң ири ачык булактуу жасалма интеллект модели деп атаган.

Адистердин пикиринде, кытайлык компаниялар ачык булактуу ЖИ моделдерине көбүрөөк көңүл бура баштады. Мындай ыкма технологиянын тез өнүгүшүнө жана дүйнө жүзүндө кеңири колдонулушуна шарт түзөт.