Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанга өзүнүн маданиятын, салт-санаасын жана улуттук спорт түрлөрүн дүйнөгө көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берген масштабдуу эл аралык иш-чара болду. Бул тууралуу журналист Али Токтакунов “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, ал оюндарды ачылыш аземинен тартып бүгүнкү жабылыш аземине чейин байкап, Кырчын жайлоосуна барып, көк бөрү боюнча мелдештерди, ат чабыштарды көргөн. Ошондой эле кол өнөрчүлүк, улуттук ашкана жана маданий программа менен таанышкан.
“2018-жылга салыштырмалуу Көчмөндөр оюндары кыйла масштабдуу болуп, кеңейип, катышкан өлкөлөрдүн саны көбөйүп, келген адамдар да арбын болду. Айрым кесиптештерим муну “Номадиада” деп атап жатышат. Менин оюмча, мындай деп айтуудан эч уялбашыбыз керек», — деди Токтакунов.
Ал иш-чаранын мынчалык көп катышуучу жана көрүүчүлөрдүн катышуусунда өтүшү Кыргызстан үчүн чоң тажрыйба болгонун белгиледи.
“Канча жүз миңдеген адам келгенин билбейм, балким, алардын саны миллионго жакындагандыр. Мынчалык көп адам катышкан жерде ар дайым тажрыйба топтолот. Албетте, айрым майда кыйынчылыктар жана жеңил жаракат алган учурлар болду. Бирок, иш-чараларды тынчтыкта жана аман-эсен өткөргөнүбүздүн өзү чоң жеңиш”, — деди журналист.
Токтакунов оюндардын ийгиликтүү өтүшү айыл-аймактардын тургундарынан тартып өлкө жетекчилигине чейинки жалпы элдин биргелешкен эмгегинин жыйынтыгы болгонун айтты.
“Менин оюмча мындай иш-чаралар мындан ары да уланышы керек. Дүйнө бизди көрдү. Элдер биз тууралуу билишти: “Булар — көчмөндөр, ат үстүндө оюн ойношот” деп таанып калды. Эми Көчмөндөр оюндарын облустарга жана аймактарга жайылтып, мезгил-мезгили менен өткөрүп турушубуз керек»,”— деп баса белгиледи ал.
Анын айтымында, мындай иш-чараларды мезгилге жараша ар кайсы аймактарда өткөрүү туризмди өнүктүрүүгө жана жергиликтүү калкка пайда алып келүүгө өбөлгө түзөт.
“Мисалы, Баткенде өрүк гүлдөгөн маалда, Ысык-Көлдө алма бышкан учурда, Ошто дарбыз бышкан мезгилде өткөрсөк болот. Ушундай майрамдарыбыз менен таанылып турсак, уттурбайбыз. Туристтер келет, ал эми туристтер келгенде жергиликтүү тургундар да пайда көрөт”, — деди Токтакунов.
Оюндардагы эң эсте калган учур тууралуу сөз кылып жатып, журналист өзүнчө бир иш-чараны эмес, көрүүчүлөрдүн массалык катышуусун белгиледи.
“Эң маанилүүсү — эл бул жерге көтөрүңкү маанайда келип, абдан активдүү катышты. Менимче, уюштуруучулар да мынчалык көп адам жана турист келет деп күтүшкөн эмес. Эң чоң өзгөчөлүк — элдин катышуусу болду. Эгер эл келбесе, майрам да өз деңгээлинде өтмөк эмес”, — деди ал.