«Алга-Бишкек» футбол клубунун башкы машыктыруучусу болуп Сергей Попов дайындалды

Коом 06 Март 2025 10:21
481782964_1071633958345791_7635383083148948506_n.jpg
482239017_1071633925012461_924213537706253524_n.jpg
481715466_1071633855012468_4084394661253113576_n.jpg
481517049_1071633871679133_1356868471798794421_n.jpg
Алдыга
Артка
481782964_1071633958345791_7635383083148948506_n.jpg
482239017_1071633925012461_924213537706253524_n.jpg
481715466_1071633855012468_4084394661253113576_n.jpg
481517049_1071633871679133_1356868471798794421_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 06.03.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Алга-Бишкек» футбол клубунун жаңы директору Эмиль Кутманов жана башкы машыктыруучу Сергей Попов менен жолукту.

Мэриядан билдиришкендей, жолугушууда быйылкы сезон үчүн коюлган спорттук максаттар, клубга колдоо көрсөтүү маселелери жана анын өнүгүү перспективалары талкууланды.

Шаар башчысы өлкөдө дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлүп жатканын баса белгиледи. Жаңы спорт комплекстери, стадиондор жана машыгуу залдары жана көп функционалдуу «Алга» спорт комплекси курулуп жатат. Анда 3000 орундуу футбол стадиону, машыгуу аянтчалары, мейманкана, ден соолукту чыңдоо комплекси жана аймакты көрктөндүрүү каралган.

Белгилей кетсек, башкы машыктыруучулук кызматка AFC PRO лицензиясына ээ болгон украиналык адис Сергей Александрович Попов дайындалды. Ал буга чейин Донецктин «Шахтер» клубунун U-21 командасынын жана Украинанын U-16 улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп иштеген.