Аламүдүн районунда 100 трансформатор капиталдык оңдоодон өтөт

Коом 759 25 Февраль 2025 12:05
481567251_18055561460476120_5024814578096955688_n.jpg
481724384_18055561547476120_1807769383513691630_n.jpg
481379271_18055561538476120_6431455358884011530_n.jpg
481688214_18055561529476120_4880151134501244429_n.jpg
481309722_18055561469476120_7806687802280180716_n.jpg
Алдыга
Артка
481567251_18055561460476120_5024814578096955688_n.jpg
481724384_18055561547476120_1807769383513691630_n.jpg
481379271_18055561538476120_6431455358884011530_n.jpg
481688214_18055561529476120_4880151134501244429_n.jpg
481309722_18055561469476120_7806687802280180716_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Аламүдүн районунда 100 трансформатор капиталдык оңдоодон өтөт.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, Чүй электр тармактар ишканасынын Аламүдүн райондук электр тармагы 2025-жылы Аламүдүн районундагы 100 даана трансформаторду жана 40 чакырым аба чубалгысын капиталдык оңдоодон өткөрөт.

Мындан тышкары энергетиктер 743 даана трансформатордук көмөкчордонду, 1124 чакырым аба чубалгысын техникалык тейлөөдөн өткөрүү иштерин жүргүзүшөт.

Белгилей кетсек, бул иштер Аламүдүн районунун керектөөчүлөрүн сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн жана электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашын алдын алуу максатында жүргүзүлөт.

Эске салсак, энергетиктер жыл сайын 1-марттан тарта 1-ноябрга чейин келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн даярдыктарды көрүшөт.

2024-жылы Аламүдүн РЭТинин энергетиктери тарабынан 107 даана трансформатордук көмөкчордон жана 47 чакырым аба чубалгылары капиталдык оңдоодон өтүп, 710 трансформатордук көмөкчордон техникалык тейлөөдөн өткөрүлгөн.

Маалымат үчүн: Аламүдүн райондук электр тармагы 67 айыл, жаңы конуштарда жашаган 43 миң 71 абонентти тейлейт. 43 миң 71 абоненттин 40 миң 50 абоненти турмуш-тиричилик, 3 миң 21и өндүрүш абоненттери.