Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоонун экинчи этабы уланууда

Коом 11 Февраль 2025 09:23
476829013_1050922070416980_3607532551905997072_n.jpg
476370786_1050921963750324_8216669667288730020_n.jpg
476827009_1050921943750326_6359849162221572365_n.jpg
476382766_1050921867083667_3765758634063141122_n.jpg
476363721_1050921760417011_8325154643587573799_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 11.02.25. /Кабар/. Аламүдүн дарыясынын нугун механикалык тазалоонун экинчи этабы уланууда.

Мэриядан билдиришкендей, дарыяны тазалоо үчүн жаңы атайын техникалар, анын ичинде 7 экскаватор жана 10 "HOWO" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа тартылды.

Тазалоо иштери "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана башка шаардык кызматтар менен биргеликте аткарылууда.

Белгилей кетсек, экинчи этапта дарыянын 500 метри тазаланып, 3 852 тоннадан ашык таштанды чыгарылды.

Эске салсак, буга чейин Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоонун биринчи этабында 1600метри тазаланып, 12 тоннадан ашык таштанды чыгарылган.

Ошондой эле тиешелүү уруксат документтери жок, дарыянын жээгинде жайгашкан 15 объект бузулууга дуушар болду. Алардын ичинен 10 объект демонтаждалып, 5 объекттин ээлери кепилдик милдеттенмелерин жазышты.

"Механикалык тазалоо-суу ташкынын алдын алуу, суунун сапатын жакшыртуу жана ыңгайлуу шаар чөйрөсүн түзүү үчүн маанилүү кадам болуп саналат",-деп айтылат маалыматта.