Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Аламүдүн-1 кичи районундагы жаңы гүл бакчанын абалы менен таанышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сагымбай манасчы көчөсүнүн Ауэзов көчөсүнөн Чокан Валиханов көчөсүнө чейинки тилкесинде курулуп жаткан объектте аймакты тазалоо жана даярдоо иштери жүргүзүлүп, учурда бетон куюу жана конструкцияларды орнотуу иштери башталган.
Долбоордун алкагында аймакты комплекстүү көрктөндүрүү каралып, унаа токтотуучу жай, балдар аянтчалары, автоматташтырылган сугаруу системасы жана жарыктандыруу орнотулат.
Мындан тышкары, улуттук спорттун түрлөрү менен машыгууга арналган аянтчаларды түзүү пландалууда.