Алайдагы мектептин күнөсканасы окуучуларды таза азык менен камсыздайт

Аймак Жүктөлүүдө... 26 Март 2025 10:20
487176254_1084906177016459_3529665779728196960_n.jpg
486186002_1084906173683126_1502313129441094159_n.jpg
486452051_1084906293683114_759101714803248705_n.jpg
486565912_1084906300349780_7446576400388501364_n.jpg
486713181_1084906297016447_968727565726583805_n.jpg
486822051_1084906180349792_4094412778311414479_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Билим берүү жана илим министрлиги

Бишкек, 26.03.25. /Кабар/. Алайдагы мектептин күнөсканасы окуучуларды таза азык менен камсыздайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева 2025-жылдын 25-28-мартында Ош жана Жалал-Абад облустарына болгон иш сапарынын алкагында Алай районундагы Сопу-Коргон айылынын №3 Токтогул атындагы орто мектебине барды.

Министр мектептин имараты жана күнөсканасы менен таанышып, анын жакшы уюштурулганын белгиледи. Ал күнөсканада өстүрүлгөн экологиялык таза продукт окуучулардын ден соолугу үчүн пайдалуу экенин жана биология сабагын дал ушул жерде өткөрүү окуучулар үчүн кызыктуу жана пайдалуу болоорун айтты.

Мектептин директору Кыялбек Шадыбековдун айтымында, күнөскана 2023-жылдан бери иштеп келет. Анда помидор, бадыраң жана ар кандай гүлдөр өстүрүлүп, окуучуларга айыл чарба иштерин үйрөнүүгө шарт түзөт.