Алайда жаңы ГЭС курулат: Райондун энергетикалык потенциалы жогорулайт

Президент 957 13 Апрель 2026 23:45
669845367_1526926056108690_5215112813076063367_n.jpg
670400568_1526924622775500_4128888072098464385_n.jpg
Алдыга
Артка
669845367_1526926056108690_5215112813076063367_n.jpg
670400568_1526924622775500_4128888072098464385_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 13.04.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Алай районунун өнүктүрүү пландары менен таанышты.

Мамлекет башчысына райондун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү жана жергиликтүү калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу маалымат берилди.

Алай районунун акими Адыл Сапаров өткөн жылы 20 объект бүткөрүлгөнүн белгиледи.

Алардын катарында мектептер, бала бакчалар жана фельдшердик-акушердик пункттар бар. Ошондой эле сегиз айыл таза ичүүчү суу менен камсыз болгон. Мындан тышкары, 21 даана атайын техника сатылып алынган. Ички жолдордун 30,7 чакырымы асфальтталган.

Аким үстүбүздөгү жылга карата пландарга токтолуп, 14 социалдык объект куруларын, дагы 7 айыл таза суу менен камсыз кылынарын баса белгиледи. Ошондой эле жеке ишкерлер менен биргеликте кубаттуулугу 4,4 МВт болгон чакан гидроэлектр станциясы курулат.