Бишкек, 18.09.26. /Кабар/. Окуу китептеринин жетишсиздигин толук жоюу үчүн каражат маселеси чечилди, эми жооптуу жетекчилер кыска мөөнөттө жыйынтык көрсөтүшү керек. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Ал белгилегендей, тиешелүү жетекчилер окуучулардын санындагы өзгөрүүнү алдын ала эсептеп, керектөөнү ошого жараша пландашы керек.
“Мурда китеп басып чыгарууга жылына орточо 100 млн сомдун тегерегинде каражат бөлүнүп келсе, акыркы эки жылда эле 1,3 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү. 9,6 миллиондон ашык жаңы китеп бастырылды. Бирок мунун өзү да жетишсиз болуп чыкты. Анткени мамлекет үчүн канча миллиард сом бөлүнгөнү же канча миллион китеп басылганы эмес, ар бир окуучунун колуна керектүү китептин жеткени маанилүү. Эгер ата-эне баласына китеп издеп базар аралап жүрсө, демек иш толук аткарылган жок”, - деп айтты ал.
Ошондой эле Аскат Алагөзов президенттин чечими менен кошумча 7 млрд сом бөлүнгөндөн кийин бир дагы окуучу китепсиз калбашы керектигин айтты.
“Президент Садыр Жапаров окуу китептеринин жетишсиздигин толук жоюу үчүн кошумча 7 млрд сом бөлүү чечимин кабыл алды. Каражат маселеси чечилди. Эми жооптуу жетекчилер кыска мөөнөттө жыйынтык көрсөтүшү керек. Эгер "Учкун" ишканасынын өндүрүштүк кубаттуулугу жетишсиз болсо, өлкөдөгү талапка жооп берген башка басмаканаларды да ишке тартуу зарыл. Бир дагы окуучу китепсиз калбашы керек. Бир дагы ата-эне мамлекет камсыз кылууга тийиш болгон китепти издеп базар аралабашы керек. Каражат жетишпейт деген маселе эми жок. Демек бизге шылтоо эмес, жыйынтык керек”, - деп жазды ал.