Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курортунда курулуп жаткан ири инфраструктуралык объектилердин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министр курорттун медициналык пункту, лыжа жабдууларын ижарага берүү жана оңдоо имараттары, атайын техника токтоочу жай, тейлөөчү кызматкерлер жана администрация үчүн имараттар, ошондой эле суу менен камсыздоо жана башка инженердик инфраструктура объектилерин текшерди.
Белгиленгендей, учурда объектилерде жер казуу, пайдубал түптөө, арматура жана бетон куюу иштери жүрүүдө. Ошондой эле суу алуучу аянтчанын курулушу, ички суу түтүк тармактарын тартуу жана канализациялык-тазалоочу курулмаларды орнотуу иштери улантылып жатат.
Бүгүнкү күндө суу менен камсыздоо инфраструктурасы боюнча суу алуучу аянтчанын курулушу 95%, ички суу түтүк тармактарын тартуу 50%, ал эми ичүүчү суу резервуарынын курулушу 60%га аткарылды.
Нурдан Орунтаев курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, долбоорлорду бекитилген талаптарга ылайык жүргүзүүнү тапшырды.