"Ала-Тоо Резорт" эл аралык стандарттарга ылайык иш алып барууда

Коом 22 сентябрь 2025 16:23
515938464_1238093911122989_4825784588617834427_n--1--1.jpg
IMG_0075.PNG
IMG_0035.jpg
IMG_0036.jpg
IMG_0074.PNG
IMG_0072.PNG
Алдыга
Артка
515938464_1238093911122989_4825784588617834427_n--1--1.jpg
IMG_0075.PNG
IMG_0035.jpg
IMG_0036.jpg
IMG_0074.PNG
IMG_0072.PNG
Алдыга
Артка
copyright icon “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы

Бишкек, 22.09.25. /Кабар/. Кыргызстанда курулуп жаткан ири курорттук комплекс — “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы курорттун аймагындагы бардык туристтик объектилердин дүйнөлүк жана эл аралык стандарттарга ылайык иштешин дыкат көзөмөлдөп жатат.

Ведомстводон билдиришкендей, ишкананын директору Жаркынбек Максутов бул багытта эл аралык тажрыйбаларды эске алуу менен OITAF (Асма аркан жолдор боюнча эл аралык уюм) компаниясынын өкүлдөрү менен аралыктан сүйлөшүү жүргүздү.

Максутов аларга Кыргызстанда курулуп жаткан курорттогу коопсуздук, техникалык тейлөө, экология жана башка маанилүү жагдайлар боюнча маалымат берип, учурда жүрүп жаткан иштер тууралуу түшүндүрмө берди.

Ал эми OITAF уюмунун өкүлдөрү болсо, асма аркан жолдору, лыжа трассалары жана жасалма кар жасоо системалары боюнча тобокелдиктерди талдоо жана долбоордук чечимдердин ишенимдүүлүгү боюнча консультациялык кызмат көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Алар жакынкы күндөрү расмий коммерциялык сунушун жөнөтүшмөкчү.

"Мындан тышкары, “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы алдыда бул тармакта иш алып барган башка чет элдик уюмдар менен да кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү, ошондой эле документтерди улуттук жана эл аралык стандарттарга ылайыктап даярдоону көздөөдө",-деп айтылат маалыматта.