"Ала-Тоо Резорт": Долбоор ишке ашса 5 миңге жакын туруктуу жумуш орду түзүлөт

Коом 8 август 2025 14:24
"Ала-Тоо Резорт": Долбоор ишке ашса 5 миңге жакын туруктуу жумуш орду түзүлөт
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 08.08.25. /Кабар/. "Ала-Тоо Резорт" ири тоо-лыжа кластери курулса 5 миңге жакын жумуш орду пайда болот. Бул тууралуу бүгүн тоо-лыжа кластеринин курулушуна старт берүү аземинде президент Садыр Жапаров билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында, тоо-лыжа класстери курулуп бүтсө жылына эки миллионго чейин туристти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү жаралат.

"Бул – жергиликтүү калк үчүн ишенимдүү каражаттын, жаштар үчүн Мекенинде иштеп калууга өбөлгө болуп, жүздөгөн үй-бүлөлөр үчүн бакубат жашоонун булагы болуп калат деп ишенем", - деди ал.