“Ала-Арча” жаратылыш паркында экологиялык жем салгычтар орнотулду – сүрөт

Экология 3271 24 Ноябрь 2025 13:35
2_F1sjMzn.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
1_ZFHO9mv.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
3_W8kgXYz.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
4_1_QxuxbYz.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
5_1_LSRBFti.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму

Бишкек, 24.11.25. /Кабар/. Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) эмгек жааматы үй-бүлө мүчөлөрү менен биргеликте “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында болуп, экологиялык жем салгычтарды орнотушту.

Уюмдан билдиришкендей, иш-чара уюмдун 80 жылдыгына карата уюштурулду.

Экологиялык акцияда канаттуулар үчүн жем салгычтарды орнотууда парктын администрациясы, токойчулары жана егерлери алдын ала ылайыктуу жерлерди тандап, ошондой эле экосистемага зыян келтирбөө үчүн жем салгычтарды туура орнотуу боюнча инструктаж өткөрүп чоң көмөк көрсөтүштү.

“Бул иш-чарага балдардын катышуусу биз үчүн маанилүү. Алар жаштайынан жаратылышка кам көрүү адаттарын үйрөнүш керек. Паркта канаттуулардын 160тан ашык түрү жашайт, алардын көбү сейрек кездешүүчү жана Кызыл китепке киргизилген. Биздин жем салгычтар аларга алдыдагы кышта, тамактанууга жардам берет деген үмүттөбүз”, - деп белгилешти уюмдан.