Бишкектеги №1 тергөө абагынын ордуна парк курулабы? Мэр жооп берди

Коом
Бишкектеги №1 тергөө абагынын ордуна парк курулабы? Мэр жооп берди
copyright icon WWW

Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагынын аймагында эмне курулары боюнча азырынча чечим кабыл алына элек. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин кеңейтилген жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда аймакты өздөштүруү планы иштелип жатат. Даяр болгондон кийин долбоор коомчулукка сунушталат.

Жыйында депутат Элвира Сурабалдиева борбордогу тергөө абагын бузуп, анын ордуна парк куруу жана жолдорду кеңейтүү пландалып жатканы чынбы деп сурады.

Мэрдин айтымында, шаар бийлиги социалдык объектилерди, парктарды жана жолдорду курууга артыкчылык берет. Башкы планды иштеп чыгууда борбор калаадагы жашыл аймактар дээрлик үч эсе азайганы, ошондой эле жол тыгындары олуттуу көйгөйгө айланганы аныкталган. Ошондуктан бош жаткан жерлерди биринчи кезекте ушул маселелерди чечүүгө пайдалануу каралууда.

"Ал эми №1 тергөө абагынын аймагына байланыштуу учурда курулуш планы иштелип жатат. Документ даяр болгондо шаар тургундары менен ачык талкууга коюлат", - деди ал.