Бишкек, 09.09.26 /Кабар/. Бүгүн, 9-сентябрда борбор калаада мэр Айбек Жунушалиевдин катышуусунда "Асман Парк" үй-бүлөлүк оюн-зоок борборунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Мэриядан билдиришкендей, майрамдык иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешов, Гуля Кожокулова жана "Асман Парк" борборунун директору Айбек Сулайманбеков катышты.
Үй-бүлөлүк оюн-зоок борбору көп жылдар бою кароосуз калган мурдагы "Асанбай" паркын реконструкциялоонун негизинде түзүлдү. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында бул жерде аймакты комплекстүү реконструкциялоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү.
"Бүгүн борбор калаабызда дагы бир сонун жай — "Асман Парк" ачылып жатат. Көп жылдар бою кароосуз калган аймак бүгүн заманбап, коопсуз жана эс алууга ыңгайлуу жайга айланууда", — деп белгиледи Бишкек шаарынын мэри.
Салтанаттуу концерттин жүрүшүндө кыргыз эстрадасынын белгилүү жылдыздары Бек Борбиев, Айдана Дека, Аваз Акимов, Мирбек Атабеков, Jax, Мия Бойко жана Kairos тобу өнөр тартуулашты.
Белгилей кетсек, долбоорго 1 миллиард сомдон ашык инвестиция тартылды. Реконструкциянын алкагында паркта заманбап эс алуу зоналары, сейилдөөчү аллеялар, оюн-зоок аянтчалары жана футуристтик дизайн элементтери пайда болду. Аймакка 1 000ден ашуун жаш дарак жана декоративдүү көчөттөр отургузулду.
"Асман Парктын" башкы символу — 92 метр бийиктиктеги "Бишкек жылдызы" аттуу айланма дөңгөлөк. Ал Борбор Азиядагы эң бийик айланма дөңгөлөк болуп саналат. Анын бийиктигинен Бишкектин тоолоруна көз чаптырган панорамалык көрүнүш ачылат.
"Бул жер ар дайым балдардын күлкүсүнө, кубанычка жана жакшы маанайга толуп турсун! Баарыңызды куттуктайм жана ар бириңиздерге бекем ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалайм!" — деп шаар башчысы иш-чаранын катышуучуларына каалоо-тилегин билдирди.