Акыркы суткада өлкөдө 20 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 22 май 2025 10:36
Акыркы суткада өлкөдө 20 өрт кырсыгы катталды
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 22.05.25. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 20 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • Жалал-Абад облусу – 7;
  • Чүй облусу – 5;
  • Бишкек шаары – 2;
  • Ош облусу – 2;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 1;
  • Баткен облусу – 1.

Тилсиз жоону өчүрүүгө 22 бөлүм тартылган. Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон.