Акыркы суткада өлкөдө 10 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 19 декабрь 2025 10:15
Акыркы суткада өлкөдө 10 өрт кырсыгы катталды
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 19.12.25 /Кабар/. Акыркы суткада өлкөдө 10 өрт кырсыгы катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

  • Бишкек шаарында – 2;
  • Жалал-Абад облусунда – 2;
  • Баткен облусунда – 1;
  • Чүй облусунда – 5.

Тилсиз жоону өчүрүүгө 16 күжүрмөн эсеп тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болду.