Кумтөр кыска убакыт аралыгында $5,1 млрд киреше алып келди – президент

Президент Загрузка... 27 Февраль 2026 12:40
0-scaled.jpg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.02.26 /Кабар/. 2021-2025-жылдары Кумтөрдүн өндүрүшүнөн түшкөн жалпы киреше 5 млрд 115 млн долларды же 440 млрд сомдон ашык каражатты түздү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Ынтымак Ордодо" өтүп жаткан республикалык кеңешмеде билдирди.

Анын айтымында, мында бюджетке салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 1 млрд 176 млн доллар же 100 млрд сомдон ашык акча каражаты түшкөн.

"Мамлекет Кумтөрдөн акыркы 4 жылда 441 млн доллар же 38 млрд сомдон ашык дивиденд алды. Тарых үчүн салыштырып айта кетсем, 1994-2021-жылдар аралыгында Кыргызстан Кумтөрдөн болгону 100 млн доллар дивиденд алган. Кумтөр маселеси бүтүндөй өлкө үчүн, анын ичинде жеке мен үчүн өзгөчө көйгөй болуп келгенин жакшы билесиздер. Кыргызстан үчүн мааниси зор бул стратегиялык объектинин айланасында канча жылдар бою талаш-тартыштар, күнөө коюулар, жалаа жабуулар жана ар кандай саясий оюндар болуп келди. Элибиз кыргыз алтыны улуттук кызыкчылыктарга ылайык колдонулуп жатабы деген жөнөкөй маселени кабыргасынан коюп келишкен. Саясий ишмердүүлүгүм башталгандан тарта менин негизги позициям Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу эле. 2021-жылы мамлекеттин бекем позициясынын негизинде Кумтөр толугу менен Кыргызстандын менчигине өттү", - деди Жапаров.

Ошондой эле президент тарыхый мааниге ээ мындай чечим өлкөбүздүн экономикалык көз карандысыздыгын бекемдөөнүн олуттуу этабына айланды деген пикирин кошумчалады.