Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда 18 мамлекеттик интернет-ресурс майыптыгы бар жарандар үчүн жеткиликтүүлүгү боюнча текшерилип, алардын бири да инклюзивдик талаптарга толук жооп бербегени аныкталды.
Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, мониторинг 2026-жылдын июнь-июль айларында жүргүзүлгөн. Сайттар WCAG эл аралык стандарттарынын негизинде бааланып, маалыматты экранды окуу программалары жана клавиатура аркылуу өз алдынча колдонуу мүмкүнчүлүгү текшерилген.
Эң жогорку көрсөткүч "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам" сайтында — 68,4%, эң төмөнкү көрсөткүчтөр Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (15%) жана Бишкек шаарынын мэриясынын (15,8%) сайттарында катталган.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды санариптик ресурстарды жана онлайн-кызматтарды майыптыгы бар жарандар үчүн жеткиликтүү кылууга чакырып, министрлер кабинетине тиешелүү сунуштар камтылган кат жөнөткөн.