Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Акыйкатчы институту этностук бирикмелер менен адам укуктарын коргоо жана тең укуктуулукту камсыз кылуу маселелерин талкуулады.
Мекемеден билдиришкендей, жолугушуу 29-октябрда өтүп, ага акыйкатчы Жамиля Жаманбаева, Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Медер Рахман жана этностук бирикмелердин өкүлдөрү катышты.
Жамиля Жаманбаева ар бир жаран этностук таандыктыгына карабастан бирдей укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ болушу маанилүү экенин белгиледи.
Жолугушууда этностор аралык ынтымакты чыңдоо, жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин теңдигин камсыз кылуу жана этностук жамааттар менен кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сунуштар айтылды.
Катышуучулар мындай жолугушууларды квартал сайын өткөрүп турууга даяр экендиктерин билдиришти.