Акыйкатчыга 10 айда чет өлкөлүк жарандардан 91 кайрылуу түшкөн

Коом
Акыйкатчыга 10 айда чет өлкөлүк жарандардан 91 кайрылуу түшкөн
copyright icon Акыйкатчы институту

Бишкек, 18.11.26 /Кабар/. Кыргызстанда жүргөн чет өлкөлүк жарандардан Акыйкатчы институтуна 2026-жылдын 10 айында 21 мамлекеттин өкүлдөрүнөн 91 кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайрылуулардын 27си Пакистандын, 23ү Россиянын, алтоо Түркиянын жана бешөө Өзбекстандын жарандарына таандык. Калган кайрылуулар башка мамлекеттердин өкүлдөрүнөн келип түшкөн.

Бул маселе Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Москва шаарында өткөн дүйнөнүн 70 өлкөсүнүн өкүлдөрү катышкан омбудсмендердин эл аралык конференциясында сүйлөгөн сөзүндө да белгиленди.

Ал чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын укуктарын коргоодо башка мамлекеттердин адам укуктары боюнча мекемелери менен кызматташуу маанилүү экенин айтып, Россиядагы омбудсмен менен биргелешкен жарандарды кабыл алуу тажрыйбасын мисал келтирди.

Белгилей кетсек, 2025-жылы Акыйкатчы институтуна 11 өлкөнүн 36 жаранынан кайрылуу түшкөн.