Актер үчүн эң башкысы – адамдык сапат жана жоопкерчилик - Дөөлөтбек Мөңгүбек уулу менен маек

Маек Загрузка... 02 Ноябрь 2025 13:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

2-ноябрь — коомдун руханий жүгүн көтөрүп жүргөн Маданият кызматкерлеринин күнү. Бул маанилүү датаны утурлай  “Кабар” агенттиги М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык драма театрынын таланттуу актеру Дөөлөтбек Мөңгүбек уулу менен маек курду. Театрдын сахнасында чыгармачылык жолун баштаган актер бүгүнкү күндө көптөгөн башкы образдарды жаратып, көрөрмандардын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп келет. Ал бул маекте өзүнүн чыгармачылык изденүүлөрү, театрдагы жашоосу жана өнөр дүйнөсүнүн сыры тууралуу ой бөлүшөт.

Саламатсызбы! Сизде актерлук кесипке болгон кызыгуу качан пайда болгон? Театр дүйнөсүнө кантип аралашып калгансыз? 

– Саламатсыздырбы! Мен Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Тегирменти айылынан болом. Мектептен кийин Кыргыз Улуттук драма театрына караштуу Театралдык окуу жайды аяктап, учурда М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык драма театрында эмгектенип келем. 

Актерлукка болгон кызыгуум бала кезимден эле башталган экен. Мектепте өткөн ар түрдүү кароо-сынактарга дайыма активдүү катышчумун. Ошондо мугалимдер “сенден жакшы ырчы же актер чыгат” деп көп айтышчу. Ал сөздөр мага чоң дем берип, чыгармачылыкка болгон кызыгуумду ансайын арттырган экен.

Кийин окуу жайда Замир Сооронбаев, Сатыбалды Далбаев, Тилек Жумагазиев, Гүлайым Каниметова, Дүйшөн Байдөбөтов, Калича Сейдалиева сыяктуу сахна чеберлеринен сабак алдым. Кыргыздрамдын айрым спектаклдеринин массовкаларында ойноп, театр дүйнөсүнө бир аз да болсо аралаштым. Окууну бүткөндөн кийин Нарын театрына актерлор керек экен дегенде биринчилерден болуп кол көтөрдүм. Ошентип, мурун барып көрбөгөн, эч бир таанышым жок жерге барып калдым. Нарынга мени кесибиме болгон сүйүү, кызыгуу алып келди окшойт. Бир жарым жыл театрда жашап, андан кийин үй-бүлө куруп батирге чыктык. Ошентип акырындык менен театр жамаатына аралашып кеттим. 

– Эң биринчи ролуңуз эсиңиздеби? 

– Биринчи ойногон ролум, анын ар бир сөзү али күнчө эсимде. Акын жана драматург Кадырбай Мамбетакуновдун “Үкөй менен Боогачы” драмасы коюлуп, мага Боогачынын ролун беришти. Алгач кантип ойноор экенмин деп коркконум менен роль абдан жакшы чыкты. Мактоолор айтылып, көчөдөн көргөндөр “Боогачыны ойногон байке деп таанып жатышты. Дагы бир кызык жери - кызым эки жашка чыгып калган убагы эле. Келинчегим болуп спектаклди көргөнү келишкен. Аягындагы Боогачыны байлап алып сабашкан жеринен “атамды байлап салышты” деп залды жаңырта бакырып ыйлады. Мен образдан чыгып кызымдын үнүн угуп жаттым. Эң алгачкы ролум ушундай кызыктар менен коштолгон (күлүп).

Андан кийин “Жамиляда” Даниярды, “Төрт адамда” Азизди, “Көчмөндөр кагылышында” Ормон ханды, башкача айтканда  көбүнчө башкы ролдорду ойноп келе жатам. Ар бир ролум мен үчүн ыйык, баарын баалайм жана барктайм. Себеби, мен аларга ошончолук энергиямды, бар күчүмдү, убактымды коротом. 

– Театрда иштөө үчүн кандай сапаттар маанилүү деп ойлойсуз?

Театрда актер болуп иштеш үчүн биринчи кезекте адамдык сапат менен жоопкерчилик керек. Миң таланттуу болуп, бирок жоопкерчилик жок болсо эч ким сага ишенип роль бербейт. Эгер адамгерчилик сапат болбосо, спектаклде бирөө менен өнөктөш болуу да кыйын болот.

– Каармандардын образын түзүүдө кандай даярдык көрөсүз?

– Даярдык бизде күн сайын болуп турат. Мелдешке даярданган спортчулардай эле актер дагы дайыма табында болушу керек. Ал эми каарманды изилдеген бул өзүнчө кеп. Мисалы, Ормон ханды ойнош үчүн “Көчмөндөр кагылышын” (Качкынбай Осмоналиев) 3-4 жолу окуп чыктым. Изилдедим. Ал тургай ошол доордоргу адамдардын, Ормон хандын басканын, сүйлөгөнүн, кийингенин кандай болду экен деп элестеттим. Себеби, сахнада көрүүчү мени эмес, каарманды көрүшү керек. Кыскасы, дайыма изденүүнүн үстүндө болосуң. 

– Чыгармачылык менен катар үй-бүлөңүз тууралуу да айтып өтсөңүз. Балдарыңызга кандай атасыз?

– Үй-бүлөм - эң чоң тирегим, бакытым жана байлыгым. Келинчегим Келдибек кызы Зарина. Кесиби мугалим. Үч баланы тарбиялып келе жатабыз. Балдарыма камкор ата болгонго аракет кылам. 

– Эң татаал же сезимге катуу таасир эткен ролуңуз кайсы болгон?

– Сезимге таасир эткен ролдор жок эмес. Алардын арасынан “Төрт адамдагы” (Мар Байжиев) Азиздин ролунда мен чындап Азизге айланып, түнт тартып, үйдөгүлөр менен сүйлөшпөй калганымды байкабай калыптырмын. Өзүм дагы образга абдан ишенип алгандыктанбы, режиссер “ал деген аскер адамы ыйлабайт десе дагы” аягында Назини кучактап, коштошуу сөзүн айткан жеринен көзүмдөн жаш чыгып кетип жүрдү.

– Спектакль учурунда көрүүчүнүн реакциясы кандай роль ойнойт?

– Спектакль учурундагы көрүүчүнүн реакциясы абдан чоң роль ойнойт. Себеби, көрүүчү болбосо актер кимге ойномок? Колдон келсе зал толуп турса, көрүүчүлөр коштоп турса, жарышка түшкөн аттардай эле биз дагы жакшы ойнойбуз. Ал эми оюн учурунда көрүүчү телефон чукулап же туруп басып кетсе, кадимкидей актердун зээни кейийт. Актерлор назик келгендиктен, ар кандай ойлорду ойлоп, бушайман болушат.

– Эмне үчүн театр көрүүчүнүн жан дүйнөсүнө өзгөчө таасир берет деп ойлойсуз?

– Театр өзү жандуу искусство болуп саналат. Мисалы, кино тасманы экрандан көрөсүң, кааласаң токтотуп коюп башка жумуштарды жасап келип, кайра улантып көрө бересиң. Ал эми спектаклде анте албайсың. Мында көрүүчү менен актер тыгыз жана жандуу байланышта болот. Ошондуктан ортодо канча нерселер жок болуп кетсе дагы, б.з.ч II-III кылымдардан бери театр жашап келе жатат. Ошон үчүн ал чоң касиетке ээ. 

– Театр бүгүнкү коомго эмне бере алат деп ойлойсуз?

– Театр – бүгүнкү коомго, жаштарга, келечек муунга кыргыздын ким экенин, ал кандай каада-салт, үрп-адаттарды карманып жашаганын, кыргыздын тили кандай бай экенин көрсөтө алат. Бүгүнкү коомго тийгизген биринчи пайдасы ушул деп ойлойм. Себеби, улутту улут кылып турган нерселердин бири - маданият жана анын бир бутагы болгон театр искусствосу. Атап айтканда жаштар ата-бабалар кандай жашаган, кандай өмүр сүргөн, аял менен кыздарга кандай мамиле кылган деген суроолордун жообун театрдан алса болот. Ошон үчүн театрга келгиле демекчимин. Театр – бул эң сонун ыйык жай.