Актан Арым Кубатты Шанхай кинофестивалындагы сыйлыгы менен куттукташты

Министрлер кабинети Загрузка... 03 Июль 2025 11:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 03.07.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жаңы тасмасы «Кара. Кызыл. Сары» Шанхай эл аралык кинофестивалында жеңишке жетишине байланыштуу Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү кинорежиссер Актан Арым Кубатты кабыл алды.

Эдил Байсалов өлкө жетекчилигинин атынан Актан Арым Кубатты эл аралык сыйлыгы менен куттуктап, кыргыз киносунун өнүгүшүнө жана Кыргызстандын маданий аброюн дүйнөдө таанытууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал бул жеңиш жалпы өлкө үчүн маанилүү окуя экенин баса белгиледи.

«Кыргызфильм» киностудиясында жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын новеллаларынын негизинде тартылган «Кара. Кызыл. Сары» тасмасы 27-Шанхай эл аралык кинофестивалында “Эң мыкты толук метраждуу тасма” номинациясында башкы сыйлыкка — “Алтын Гоблет” (Golden Goblet Award) ээ болду. Тасма Баткен облусунун келечекке үмүт арткан келинин тагдырын поэтикалык жана терең формада баяндайт. Анда сүйүү, жоопкерчилик, миграция жана чек арадагы жашоо сыяктуу маанилүү темалар козголот.

Жолугушуунун жүрүшүндө Эдил Байсалов менен Актан Арым Кубат өлкөдө кинематография тармагын өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашышты.