Бишкек, 30.04.25. /Кабар/. Аксы районунда багбандар кара өрүктүн жаңы "стенли" сортун активтүү отургуза башташты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Аталган сорт жергиликтүү кара өрүк сортуна караганда мөмөсүнүн чоңдугу, зыянкечтерге туруштук берүүсү жана ошондой эле базардагы жогорку баасы менен айырмаланат. Аталган касиетти жана сапатынан улам жергиликтүү дыйкандар кара өрүктүн бул түрүн алча менен да кыйыштыра башташты.
Кара өрүктүн бул түру мындан үч жыл мурун “Ак-Төбө” кооперативине алып келинип, учурда кесиндилери (черенок) көбөйтүү иштери кызуу жүрүп жатат. 2024-жылы Аксыда кара өрүктүн түшүмү жогору болгон. "Стенли" сортунан багбандар 1 гектарынан 60 тоннага чейин түшүм жыйнап алган.
Аксы районунда жалпы 1340 гектар мөмөлүү бак болсо, анын 600 гектарын кара өрүк ээлейт. Кара өрүк ысык аба ырайын жактырбайт, салкын жерде жакшы өсөт.