АКШдагы жол кырсыгы: Чикагодо кыргыз жараны каза болду

Кырсык 29 май 2026 17:05
АКШдагы жол кырсыгы: Чикагодо кыргыз жараны каза болду

Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. АКШнын Чикаго шаарындагы жол кырсыгынан 24 жаштагы Б.Ж. аттуу Кыргызстандын жараны каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, өлүмгө эки автоунаанын кагылышуусу себеп болгон.

Учурда Чикаго шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча зарыл чараларды көрүп, каза болгон жарандын жакындары жана Кошмо Штаттардын компетенттүү органдары менен туруктуу байланышта иш алып барууда.